Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Украинада флот боюнча келишимге каршы нааразылык чыкты


Орусиянын Кара деңиз флотунун Украина аймагында туруу мөөнөтүн 25 жылга узарткан келишимге каршы бүгүн Киевде, парламент имараты алдында бир нече миң адам чогулду. Чогулгандар алдында мурдагы премьер- министр Юлия Тимошенко сүйлөп, оппозициячыл күчтөрдүн баары бул келишимге каршы биригүүсү керектигине токтолду:

-Шейшемби күнү бул келишимди ратификациялоо жараяны башталууда. Келишим Украина үчүн кабыл алынгыс. Анткени биринчиден, биз өлкөбүздүн аймагын берүүдөбүз, экинчиден суверенитетибизге шек келтирип жатабыз. Үчүнчүдөн,эгер ал ратификациядан өтсө, Янукович Украинаны экиге мурдагыдан да тереңирээк бөлүүгө жетишет. Андайды буга чейин эч ким жасай алган эмес.

Орусия Севастополь шаарындагы портту Украинадан ижарага алуусун буга чейин белгиленген мөөнөт 2017-жылы аяктаган соң дагы 25 жылга узарткан келишимге ушул шаршемби күнү президенттер Дмитрий Медведев менен Виктор Янукович кол койгон. Украинадагы башкаруучу коалициянын өкүлү келишимди жабык эшик артында түзгөнү үчүн президентти сынга алды. Экономика маселелерин тейлеген вице премьер- министри Сергей Тигипко “Ассошейтед пресс” агенттигинин кабарчысы менен маегинде жашыруун сүйлөшүүлөр “украин эли көздөгөн нерсе эместигин” белгиледи.

XS
SM
MD
LG