Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Конституциянын жаңы долбоору бүткүл элдик талкууга коюлат


Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген маалыматка караганда, 26-апрелден тарта Баш мыйзамдын долбоору бүткүл элдик талкууга коюлат.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Конституциянын долбоорунун жаңы редакциясында Венеция комиссиясы 2006-жылы берген сунуштардын 80 пайызы эске алынды.

Талкуу учурунда кыргызстандыктар парламенттеги депутаттардын саны канча болушу керектиги жана башка маселелер боюнча ой-пикирлерин билдириши керек. 105 же 120 орун болсун деп эки вариант сунуш кылынууда.

Конституциянын жаңы долбоору боюнча сунуштар 14-майга чейин кабыл алынат. Андан кийин жумушчу топ 18-майга чейин алымча-кошумча менен иштеп чыгып, 19-майда Баш мыйзамдын бүткөн варианты жарыяланат.

XS
SM
MD
LG