Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Тажикстанда полиомиелит илдетти чыкты


Буга байланыштуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму иликтөө жүргүзүү үчүн өз эксперттерин Тажикстанга жөнөттү. Аталган илдеттен буга чейин он жаш бала каза тапканы ырасталды. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Сона Баринин билдиргенине караганда, Тажикстанда бүгүнкү күнгө карата адамдар паралич болуп калган 128 учур катталган. Бирок алар полиомиелит илдеттине кабылган –кабылбагандыгы азырынча лабораториялык жол менен тастыктала элек. Эпидемия Тажикстандын Ооганстан жана Өзбекстан менен чектеш түштүк – батыш аймагында чыккан. Буга чейин акыркы ирээт Тажикатан полиомиелит илдети 1997-жылы катталып, 2002- жылы Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму өлкө бул дартан арылганын жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG