Ал кезде 49 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстан Советтик социалисттик республикасынын КП БКнин биринчи катчылыгына дайындалган эле. Өлкө көз карандысыздыгын алгандан бери Назарбаев 1991, 1995 жана 2005-жылы президент болуп шайланды. Азыркы жети жылдык бийлик мөөнөтү 2012-жылы аяктайт, бирок Казакстандын парламенти 3 жыл мурда конституцияга өзгөртүү киргизип, Назарбаев үчүн президенттик мөөнөттү чектеген норманы алып салган.