Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:25

Бангкокто элдешүү планы четке кагылды


Таиланддын премьер-министри Абхисит Ветчачива сыналгы аркылуу элге кайрылып, өкмөткө каршы демонстранттардын лагери кууп таратылаарын эскертти. Бир айдан ашуун мезгилден бери Бангкоктун борборуна чатырлар тигип, кетпей отурган демонстранттар качан жана кандайча таратылаары айтылган жок. Өзүлөрүн “кызыл көйнөкчөндөр” деп атаган акция катышуучулары Таиланддын азыркы өкмөтүн мыйзамсыз деп жарыялап, бир ай ичинде жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Бангкоктун туристтик борборунда бир айдан мурдараак башталган демонстрацияларда кеминде 26 киши курман болуп, дагы миңдейи жараат алды.

XS
SM
MD
LG