Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Мурдагы ички иштер министри М.Конгантиев Москвада кармалды


Кечээ (25-апрелде) Орусиянын биринчи телеканалы Москвада Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кармалып, Кыргызстанга депортацияланганын кабарлады. Улуттук коопсуздук кызматы бул маалыматты тастыктады. Алардын билдиришинче Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын биргелешип жүргүзгөн операциясынын негизинде Молдомуса Конгантиев күндүзгү саат он экилерде Москвада кармалып, кечки саат жетилерде Бишкекке жеткирилип, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Улуттук коопсуздук кызматы К.Бакиевдин бир туугандары жана мурдагы өкмөт башчы Д.Үсөнов, Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси М.Суталинов кармала электигин билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG