Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

БУУ: Кыргызстандан эл аралык сот кийлигишсин деген өтүнүч болгон жок


Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча башкармалыгынын жогорку комиссары Шиона Фрейдер “7-апрель” кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушкан учурда билдирди. Жолугушууда Ш.Фрейдер өлкөдөгү 6-7-8-апрель окуяларын жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин күнөөсүн иликтөө үчүн эл аралык сот кийлигишсин деген өтүнүч кат Кыргызстандын Убактылуу бийлиги тарабынан БУУга берилбегенин кабарлады. “Биз Убактылуу бийлик менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп жатабыз. Өтүнүч кат түшпөсө биз кантип мажбурлайбыз”, - деди БУУнун өкүлү. Бул тууралуу “7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” маалымдады.

Аталган кыймыл бүгүн БУУнун Бишкектеги үйүнүн алдына пикетке чыгып, К.Бакиевдин күнөөсү эл аралык сот аркылуу тез арада иликтенип, жазалансын деген талап койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG