Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Женевада Кыргызстандагы адам укуктары боюнча отчет угулат


Швейцариянын Женева шаарында өтүүчү Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарын коргоо кеңешинде Кыргызстандын 2009-жыл үчүн адам укуктары жаатындагы отчету угулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, отчет мурдагы өкмөт тарабынан түзүлүп, анын электрондук варианты мурда эле Женевага жөнөтүлгөн. “Биз эми жагдайга жараша отчетту өзгөрттүк. Анда тынч митингдер, Ноокат, Балыкчы окуялары да камтылат”, - дейт Т.Акун.

Маалыматка караганда, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева тарабынан мамлекеттик делегация түзүлдү. Ага Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева, БУУдагы Кыргызстандын өкүлү Муктар Жумалиев, Акыйкатчы Турсунбек Акун, Аскер прокурору Айбек Турганбаев, эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин орун басары Нуриля Жолдошева жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG