Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

АКШ элчилигинин өкүлү Баткенде аскердик база курулбай турганын билдирди


26-апрелде Баткенде АКШ элчилигинин аскердик кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Джозеф Билбо менен Баткен облусунун жетекчиси Карамат Орозова жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Анда негизинен аскерий багыттагы кызматташтык жана Баткендеги тоо аткычтар бөлүгүнүн жоокерлеринин БУУнун тынчтык күчтөрү менен кызматташа ала тургандай денгээлге жетүүсүнө жардам берүү маселеси айтылды.

Жолугушуу соңунда журналистер үчүн маалымат берген элчилик өкүлү Джозеф Билбо Баткенге иш сапарынын максаты буга чейин аймакта кайтарымсыз каржылоонун алкагында ишке ашып жаткан долбоорлордун жүрүшү менен таанышуу экенин гана белгилеп, бул аймакта америкалык аскердик база куруу жөнүндөгү сөздөрдү жокко чыгарды. (JsA)

XS
SM
MD
LG