Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Экс-президент Норьеганы эми Франциянын абагы күтүүдө


Дүйшөмбү күнү АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Панаманынын мурдакы президенти Мануэл Норьегини Францияга өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимге кол койду. Норьега маң аткезчилигине катышканы үчүн АКШда 17 жылга кесилип азыр абакта жана жаза мөөнөтү сентябрда бүтөт.

Франциянын соту 1999-жылы Норьеганы сыртынан мыйзамсыз акча адалдаштырганы үчүн 10 жылга эркинен ажыраткан. Франциянын адилет министрлиги Норьеганы АКШдан экстрадицялоо процесси башталганын маалымдады.

Панама да Мануэл Норьеганы саясый атаандаштарын өлтүрдү деп, соттоого ынтызарлыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG