Улуттар уюму жаңы жарыялаган докладга караганда, уюмдун былтыр Кабылда ок жаңылып өлгөн беш кызматкеринин төртөөсүн Ооганстандын коопсуздук кызматынын аскерлери жаңылыш атып алган болушу мүмкүн. Мындай бүтүм жасоого соттук экспертиза жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жетерлик негиз берет деп айтылат билдирүүдө. Докладда коопсуздук чараларында айрым кемчиликтер болгону да белгиленет.
Эл аралык уюмдун беш кызматкери былтыр 28-октябрда БУУнун Кабылдагы базасына Ооган полициясынын формасын кийген үч адам чабуул жасаганда ок тийип курман болушкан эле.