АКШ президенти Барак Обама мусулман мамлекеттери менен адистерди алмашуунун жаңы программасын жарыялады. Обаманын айтымында, программа ишкерлерге жана коомдук ишмерлерге АКШны билип, тажрыйба алмашууга жол ачат. Мусулман аялдар да АКШдан окууга жана профессионалдык жактан өсүүгө мүмкүндүк алат. Ошол эле учурда айтылуу Силикон өрөөнүндөгү америкалык адистер өз тажрыйбасын Жакынкы Чыгыш, Түркия жана Түштүк Чыгыш Азиялык коллегалары менен бөлүшөт, деди президент Обама АКШ жана мусулман өлкөлөрү арасындагы ишкерчилик байланышты жакшыртуу боюнча Вашингтондо өткөн конференцияда. Ал келерки жылы Түркия өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган да ушундай конференция өткөрөрүн кулак какты кылды.