Бельгиянын падышасы Альберт башкаруучу коалиция кыйрагандан кийин өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Премьер-министр Ивв Летерма өз арызын өткөн аптанын бейшемби күнү тапшырган. Өкмөттүк кризиске Брюссель-Халле-Вилвоорде шайлоо окуругу боюнча нидерланд жана француз тилдүү депутаттар арасында узактан бери келаткан талаш себеп болду. Нидерланд тилдүү фламанд көпчүлүгү менен француз тилдүү валлондук азчылык ортосундагы келишпестик Бельгия өкмөтүнүн бүтүндүгүнө маал-маал коркунуч туудуруп турат.