Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Эмил Үмөталиев Экономиканы жөнгө салуу министрлигин жетектейт


Убактылуу өкмөттүн кечээ, 26-апрелде чыгарган токтомуна ылайык Экономиканы жөнгө салуу министри Жеңишбек Байгуттиев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын милдетин Эмил Үмөталиев аткарат. Бул тууралуу Утурумдук бийликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Э.Үмөталиев буга чейин “Кыргыз концепт” компаниясын жетектеп келген. Мындан сырткары Баткен облусунун администрация жетекчисинин орун басары Асанбек Алымкожоев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Султанбай Айжигитов дайындалды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG