Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге кызмат абалынан пайдаланганы үчүн иш козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров кабарлады. Анын айтымында, М.Конгантиевге 305-берене боюнча кылмыш иши козголуп, камоого санкция берилген. “Бул дагы такталып, тергөө уланып жатат”, - дейт А.Бекназаров.
М.Конгантиевдин Ош-Бишкек жолун бууган жактоочулары бүгүн Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов менен жолугушкан учурда мурдагы министрди эл алдына алып келүүнү талап кылышкан. (КЕ)