Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Ош-Бишкек жолу ачылды


Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жактоочулары менен Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов жолугушкан соң Бишкек-Ош кан жолу ачылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдирди. Анын айтымында, Б.Асанов М.Конгантиевдин төрт тарапкерин өзү менен чогуу алып кеткен. Ал Бишкектен М.Конганитев менен, андан соң Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу уюштуруп берүүнү убада кылды. Жол тоскон мурдагы министрдин тарапкерлери өз талаптары аткарылбаса кайра жолду тосо турганын айтып жатышат.

Алар Убактылуу бийликтен Конгантиевге кылмыш иши козголбой, тез арада бошотулуусун талап кылышууда. Алар кечке чейин тарабай, жооп күтүшөөрүн белгилеп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG