Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

В. Денисенко: Бакиев маселесин эл аралык деңгээлде чечиш керек


Белорустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенко “Мекен шейиттери” уюумунун өкүлдөрү менен жолугушкан учурда мурдагы президент Курманбек Бакиев маселесин эл аралык деңгээлде, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен бирге чечиш керектигин айтты. Ал ошондой эле учурда Белорус менен Кыргызстан ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлады. Ал эми аталган уюмдун 200 чамалаш өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин алдына, андан соң Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаевага жолугушууга барышарын айтышууда. Алар талаптары аткарылып, алгылыктуу жооп болбосо Жогорку Кеңштин имаратынан алдына пикетке чыгышмакчы.

6-7-8-апрелдеги кандуу окуяда окко учуп каза болгондордун ата-энеси, туугандары түзгөн “Мекен шейиттери” уюму мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга алынып келинишин талап кылышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG