Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

БШК төрагалыгына Акылбек Сариев шайланды


Убактылуу Борбордук Шайлоо комиссиянын (БШК) бүгүнкү жыйынында эки маселе, комиссиянын жетекчисин дайындоо жана кыргыз элине кайрылуу каралды. Жыйынга БШКнын 12 мүчөсү катышып, бир добуштан жетекчиликке Акылбек Сариев шайланды. Ал мурда да БШК мүчөсү болуп иштеп турган кезинде калыстыгы менен айырмаланган саясатчы. БШК мүчөлөрү өз кезегинде Кыргызстан элине кайрылып, референдумга жигердүү катышууга чакырды.

Мындан сырткары жыйында БШКнын 13 мүчөсүнөн (алтоо бейөкмөт уюмдардан, жетөө партия өкүлдөрүнөн) туруп, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү аларга байкоо салып жана кеңеш берип турары айтылды. Ошондой эле 27-майга чейин аймактык комиссияларды түзүү, 2-июндан кечикпей Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөлөрдө референдум өтүүчү жайларды аныктоо, 7-июнга чейин шаардык, райондук комиссияларды тактоо каралмакчы.

Конституциянын долбоору боюнча референдум 2010-жылдын 27-июнунда өтөт. Президенттик жана парламенттик шайлоо октябрда болору белгиленүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG