Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Орус, украин парламенттери Кара деңиз флоту боюнча келишимди жактырышты


Кара деңиздеги орус флоту, жаңы келишимге ылайык, Крымда 2042-жылга чейин тура алат. Украинанын парламентиндеги чечимди жарыялап жатып, парламенттин спикери Володимир Литвин: "236 добуш менен чечим кабыл алынды. Кулак салыңыздар, 236 добуш менен келишим жактырылды", - деди. Добуш берүү башталаарда украин парламентиндеги оппозиция спикерге жумуртка ыргытып атты. Жогорку Раданын маңдайында ал келишимге каршы болгон миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты. Кара деңиз флотунун Крымда туруу мөөнөтүн узарткан келишимге орус жана украин президенттери өткөн аптада кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG