Панаманын мурдагы диктатору Норьега 20 жылдан ашуун мезгилден бери АКШдагы түрмөдө жаткан. 1989-жылы АКШ Панамага бастырып киргенде, Норьега кармалып, баңги бизнеси үчүн камакка алынган. Франция болсо ага “акча адалдаган” деп, сыртынан кылмыш ишин ачкан эле. Панаманын бийликтери да Норьеганы 1983-1989-жылдарда саясий оппоненттерин өлтүргөн деп айыптап, АКШдан аны өздөрүнө өткөрүп берүүнү суранып келишкен.