Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

Н.Назарбаев: Кыргызстанда 7-апрелде “каракчылык” болду


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы 7-апрелдеги окуяларды “каракчылык” деп атады. Бул жөнүндө ал бүгүн Алматыда “Евразия медиа форумун” ачып жатып, билдирди. "Бул – революция эмес, каракчылык", - деп айтты Назарбаев. Анын ишениминде, ыңкылап деп 1917-жылдын Октябрындагы революцияны атаса болот. “Анда капитализмдин ордуна социализм орногон. Биз да революция жасадык деп айтсак болот. Анткени социализмдин ордуна капитализмди курдук. Ал эми Кыргызстанда болгону бирөөлөр бийликтен кулатылып, анын ордуна экинчилери келишти", - деп айтты казак президенти.

XS
SM
MD
LG