Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев бүгүн Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маруа Син менен жолугушту. Жолугушууда Ө.Текебаев мамлекеттик башкаруу формасын президенттиктен парламенттикке өзгөртүү Конституцянын жаңы долбоорунда каралып, президенттин ыйгарым укуктары кыскартылганы туурасында маалымат берди. Өз кезегинде М.Син 6-7-8-апрелде окко учуп курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле элчи Жапон өлкөсү Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин, конституциялык тартиптин орношуна ишенерин жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн керек болгон жардамды берүүгө даяр экенин белгиледи. Бул маалыматты Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)