Бүгүн Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун баш-кеңсесинин маңдайында Кытайдагы Шиңжаң уйгур автономиясындагы уйгурлардын укугунун корголушун жактаган жөө жүрүш өтөт. Аны Америкадагы Уйгурлардын Ассоциациясы уюштурууда. Алардын айтымында, Кытайдын өкмөтү уйгурлардын укугун кордогон аракеттерин токтотпой келет. Жөө жүрүштүн атышуучулары БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүн кыдырып, аларды улуттар уюмунун башкы идеясына, адам укуктарынын корголушун камсыз кылууга, чакырышмакчы. Акция учурунда Кытайдагы бир эле уйгурлардын эмес, тибеттиктердин, түштүк монголдуктардын, жана башка улуттук азчылыктардын укугу тууралуу да сөз болот.