Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Р.Отунбаева: “Мекен шейиттери” уюмунун мүчөлөрүн кабыл алат


Бүгүн “Мекен шейиттери” уюмунун мүчөлөрүн Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева кабыл алат. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Арыстан Сагындыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, апрел ыңкылабында каза болгон балдардын жыйырмага чукул ата-энелери Убактылуу өкмөт башчысынан Минск шаарынан Курманбек Бакиевди тез арада Кыргызстанга алып келип, мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартууну жана анын бир туугандарын, 6-7-апрелде ок атууга тиешеси бар адамдарды кармап жазалоо талабын коюшат.
Кечээ “Мекен шейиттери” уюмунун 200дөн ашуун мүчөлөрү Кыргызстандагы Беларус элчисинен К.Бакиевди кайтарып берүү талабын коюшкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG