Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

“7-апрел” кыймылы М.Конгантиевдин тарапкерлерин тартипке чакырды


Аталган кыймылдын билдирүүсүндө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев мурдагы бийликте жогорку кызматты ээлеп отурганы, Бакиевдин системасынын кылган күнөөлөрү тууралуу маалыматы жетиштүү экенин белгилеп, анын иш аракеттерине адилет сот чекит коеру айтылат.
“7-апрел” кыймылы М.Конгантиевдин тарапкерлерин сабырдуулукка чакырып, адилеттүү калыс болууга үндөп, эгерде алар мыйзамды буза турган болсо мыйзамдын чегинде чара көрүүгө Убактылуу өкмөттөн өтүндү.
М.Конгантиевдин тарапкерлери Ош-Бишкек жолун тосуп аны камактан бошотуу талабы менен акция өткөрсө, Бишкекте дагы анын 30-40 тарапкери Конгантиевди эркиндикке чыгарууну талап кылып, борбордук аянтта, өкмөт үйүнүн жанында, Ала-Тоо кинотеатрынын жанында топтошуп жүрүштү. (AJ)

XS
SM
MD
LG