Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

С.Аргынбаев мурдагы Ички иштер министрин сотко берди


“Болуш” уюмунун жетекчиси Сапар Аргынбаев мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди жана анын ошол кездеги орун басары Исаевди 127-берененин 2-3-пункту боюнча (Ушак, жалган сөздү массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жайганы үчүн) Биринчи май райодук сотуна арыз берди. С.Аргынбаевдин айтымында, ошол кездеги министр М.Конгантиевдин жалган маалыматынын негизинде ал жазыксыз бир жыл түрмөдө отурган.
Былтыр 26-апрелде Петровка чатагын уюштурган делип Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана Эркин Бөлөкбаев убактылуу кармоочу жайда бир жылга жакын убакыт кармалышып, 7-апрел ыңкылабында эркиндикке чыккан. (AJ)

XS
SM
MD
LG