Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Укук коргоочулар:6-8-апрелдеги окуяларга УКК чагымчылык кылган


Апрель окуяларын иликтеген Азиза Абдирасулова жетектеген укук коргоочулардын көз карандысыз комиссиясы алгачкы жыйынтыктарын жарыялап, 6-8-апрелде орун алган окуяларга Улуттук кооопсуздук кызматынын жетекчиси Мурат Суталиновдун түздөн түз чагымчылык катышы бар деп билдирүү таратышты.

Укук коргоочулардын пикиринде Улуттук коопсуздук кызматы 6-апрелде оппозиция лидерлерин текши камоо эл арасында катуу нааразылык толкунун жаратарын билип, мындай ишке атайын барган. Куралчан адамдар келип оппозиция лидерлерин үйлөрүнөн элди каратып туруп уруп-сабап, алып барып камакка алышкан. Айрым оппозициялык лидерлердин 7-апрелде өз эрки менен атайын кызматтарга келип колго түшүп бериши да шек туудурат. Мындан улам комиссия бул адамдар алдын ала кандуу кагылыштар болоорун баамдап, өздөрү үчүн алиби даярдашкан деген жыйынтыкка келген.

Комиссия ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Таласка жибергенин Бишкекте абалды көзөмөлдөн чыгаруу үчүн атайын даярдалган иш-чара болгон деп эсептейт.

Комиссия мүчөлөрү 7-апрелде “Форум” алдында митингге келген адамдардын куралданышына коопсуздук кызматы атайын чагым жасап берген деген ойдо.

Укук коргоочулардын мындай мазмундагы баяндамасы кыргыз элине каршы чагымчылык.” – деп баалады убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эдил Байсалов. (EK)

XS
SM
MD
LG