Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Маданият ишмерлери казак президентине кайрылышты


Маданият боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын милдетин аткаруучу Ырыскелди Момбеков баштаган маданият ишмерлери казак президенти Нурсултан Назарбаевге жана ЕККУ төрагасына кайрылуу жолдошту. Кайрылууда 7-апрелден бери жабык турган кыргыз-казак чек арасын ачуу өтүнүчү камтылганын министрликтин басма-сөз катчысы Мамасалы Апышев кабарлайт. Кайрылууга аксакалдардан кыргыз эл акындары - Сүйүнбай Эралиев, Сооронбой Жусуев жана жазуучу Төлөгөн Касымбеков, белгилүү айкелчи Турсунбай Садыков кол коюшкан.

Эске салсак, буга чейин казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы окуяларга “бул - ыңкылап эмес, бийлик үчүн күрөшүү” деген баасын берген. (EK)

XS
SM
MD
LG