Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

М.Конгантиевдин жактоочулары А.Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө


Бул тууралуу мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иниси Кубан Конгантиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында сүйлөшүүлөргө Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин убактылуу аткаруучу Бектур Асанов жана Конгантиевдин жактоочулары арасынан беш аксакал катышууда. Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиев учурда Бишкектеги Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу тергөө абагында жатат. Ага кызмат абалынан пайдаланганы үчүн 305-берене боюнча кылмыш иш козголуп, камакка алынган. Конгантиевдин тарапкерлери мурунку министрдин саламаттыгы начар экенин айтып, аны суракка алууну бир аз кечендетүүнү суранып жатышат. (EK)

XS
SM
MD
LG