Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Брюсселде Евробиримдик Борбор Азия жыйыны өтүп жатат


“Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун Брюсселдеги кабарчысынын билдиргенине караганда, аймактагы беш өлкөдөн тышкы иштер министрлери же алардын орун басарлары келген жыйындын борбордук темасы – Кыргызстандагы соңку окуялар. Ага катышуу үчүн Брюсселге кыргыз тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев барды. Кыргызстандагы кырдаал ушул дүйшөмбү күнү Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин кеңешинде да талкууланган. Анын соңунан кийин таратылган билдирүүдө өлкөнүн “коомдук тартипке кайтуусунун” маанилүүгү белгиленип, биримдик Кыргызстанда “мыйзам үстөмдүгүн, адам укуктарын урматтаган демократиялык өкмөттү” көргүсү келери айтылат. Евробиримдик утурумдук өкмөттү азырынча расмий тааный элек.

Бул аралыкта каржы министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Евобиримдик быйыл Кыргызстанга бюджетти колдоо үчүн 12 миллион евро берет. Бул тууралуу каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев менен биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шантоль Ебберктин жолугушуусунда айтылган.

XS
SM
MD
LG