Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Р.Отунбаева ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары менен жолукту


Убактылуу өкмөт төрайымы бүгүн ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кнут Воллебекти кабыл алды. Тараптар соңку окуялар жаңырыгындагы улуттук азчылыктар маселелери жаатында пикир алмашышты. Башка улут өкүлдөрү жыш жайгашкан аймактарда коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды күчөтүү тууралуу маселелер козголуп, этникалык азчылык өкүлдөрүн өлкөнүн ички саясий, социалдык-экономикалык жашоосуна тартуу сунуштары айтылды. Убактылуу өкмөт бул маселеге терең маани берээрин билдирип, Кыргызстан жарандарынын укуктарын камсыздоо боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташууга ачык экенин билдирди. Бул тууралу утурумдук өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG