Бангкоктон түшкөн маалыматтарга караганда, кагылыштан бир аскер өлүп, 18 киши жаракат алган. Кагылышуу жүздөгөн аскерлер жана полиция күчтөрү 2000дей демонстранттын жолун бууган кезде орун алган. Бул Таиландда акыркы жети аптадан бери уланып жаткан саясий кризистеги эң соңку инцидент болду. Буга чейин 10 –апрель күнү демонстрация башталгандан берки эң ири кагылышта жалпысынан 25 киши өлүп, 900дөй адам жаракат алган. “Кызыл көйнөкчөндөр” деп аталган демонстранттар Таиланддын азыркы өкмөтүнүн отставкага кетип, жаңы шайлоо жарыялануусун талап кылып келишүүдө.