Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Евробиримдик евроаймактын стабилдүүлүгүн кепилдейт


Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозо мындай билдирүүнү Грекиядагы карыз кризинен улам бирдиктүү акча – евронун алмашуу курсу солкулдай түшкөн учурда жасады. Кечээ евроаймактын эки өлкөсү Грекия менен Португалиянын карыздарын төлөй албайт калат деген кооптонууларга байланыштуу улам кредиттик рейтинги төмөндөтүлгөндөн кийин эл аралык каржы базарларында евронун америкалык долларга карата курсу акыркы бир жыл ичиндеги эң төмөнкү чекке түшкөн эле. Бүгүн Берилинде Эл аралык валюта кору менен Европанын Борбордук банкынын башчылары аймактын эң ири экономикасы катары эсептелген Германияны Грекияга каржылык жардамды катаал шартсыз көргөзүүгө ынандыруу аракетин жасоодо. Германия Грекия сураган 45 миллиард доллардык жардамдын 8,4 миллиардын чыгарат деп күтүлгөн. Грекиядагы карыз кризиси боюнча келерки айдын башына Евробиримдиктин саммити чакырылды.

XS
SM
MD
LG