Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Нарындын 10 айылынын 70 пайыз суу курулуштары талкаланган


«Айылдарды суу менен камсыздоо жана санитария» долбоорунун экинчи сапары башталат. Анда Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын 70ге жакын айылдары таза суу менен камсыздалмакчы. Бул тууралуу атайын өткөрүлгөн маалыматтык жыйында айтылды. Ал эми долбоордун түндүк бөлүмүнүн адиси Нурдин Касымалиевдин айтымында, 2002-2008-жылдар аралыгында Нарын облусу боюнча «Таза суу» долбоорунун биринчи ыптасына 82 айыл киргизилип, 137 миң адам суу чорголордон суу ичкенге мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок облустун 10 айылына курулган суу чорголор, суу түтүктөр кароосуз калгандыктан иштен чыккан. Жумгал районундагы Базар-Турук, Өрнөк, Ак-Талаа районундагы Ак-Чий, Кочкор районундагы Чекилдек айылдарынын тургундары сууга төлөнүүчү нарктарды төлөөдөн баш тартышкан. (KUs)

XS
SM
MD
LG