Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Р.Дырылдаев:Бакиевчилерди Эл душманы катары жоопко тартуу керек


Бул тууралуу укук коргоочу Рамазан Дырылдаев Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлүүгө чакырык таштаган баракчаларды таратып жүргөн Бакиевчилерге каршы жолдогон билдирүүсүндө белгилеген. Ошондой эле бакиевчилердин кыргыз элин бөлүп жаруу аракеттери өздөрүн кылмыш жоокерчилигенен качуу амалдары катары бааланып, акыркы жолу жүзүн ашкерелеп мансапкорлук, бийлик үчүн кыргыз элине чоң жамандыка бараары айтылат. Р.Дырылдаев буга чейин Бакиевчилер мамлекетке, Кыргыз элине олуттуу зыян келтирди деп айыпталып келсе, эми буларга Кыргыз элинин биримдигине шек келтирген деген айып тагылып, аларды Убактылуу бийлик тез аранын ичинде кармап бүт Бакиевчилерди жоопко тартууну талап кылган.
Экс-президент Курманбек Бакиев болсо Минскидеги билдирүүсүндө оппозиция бийликти күч менен тартып алганын белгилеп, өзүн легитимдүү президент деп эсептеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG