Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

“7-апрель” кыймылы казак президентине каршы акция өткөрөт


Аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” нааразылык акция бүгүн саат 12 00до Кыргызстандагы казак элчилигинин алдында өтөрүн маалымдады. Анын айтымында, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы 7-апрелдеги окуяларга калыс баа берген жок. Ошондуктан казак мамлекет башчысынын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна төрагалык кылууга моралдык укугу жок, дейт Ө. Токтонасыров. Ушул жуманын шейшембисинде Н. Назарбаев Алмата шаарында медиа форумда сөз сүйлөп Кыргызстандагы 7-апрелдеги окуяларга терс баа берген. Өлкөдөгү бийлик алмашууну ыңкылап деп эсептебей турганын, толугу менен талоончулук болгонун айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG