Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Апрель окуялары боюнча Улуттук комиссия түзүү сунушталууда


Бүгүн апрель окуяларын иликтөө үчүн түзүлгөн коомдук комиссия өз иш-аракеттери боюнча корутунду баяндамасын жарыялайт. Аталган комиссиянын мүчөсү, “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” анда буга чейин ачыкка чыкпаган фактылар айтыларын билдирди. Ошондой эле убактылуу өкмөткө бир катар сунуштар берилерин белгиледи. Т. Исмаилова апрель окуяларында жабыр тарткандарга психологиялык, моралдык жана материалдык жардам берүү үчүн улуттук комиссия түзүү зарыл экенин айтты. Аталган комиссия кечээ апрелдеги кандуу окуялардын тутанышына Улуттук коопсуздук боюнча кызмат шыкак болгон деген билдирүү тараткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG