Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Партиялар парламенти Конституциялык сотту калыбына келтирүүнү сунуштады


Бүгүн саясий партиялардын парламенти Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулады. Анда бул долбоордо жарандардын саясий-социалдык укугу жаатта көп деле өзгөрүү жоктугу айтылды. Өкмөт башчынын ролу жогорулаганы менен анын ыйгарым укуктары толук так көрсөтүлбөй калган деп белгиленди. Сот системасындагы кадрларды дайындоо президенттин колуна өтүп калган, деген сын айтылды. Кадрларды сот системасындагы улуттук кеңеш дайындашы керек, деген сунуш болду. Ошондой эле конституциялык сотту кайра калабына келтирүү демилгеси көтөрүлдү. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев башында турган жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы долбоорун 26-апрелде жарыяланган. Анда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскарган. Эгемен Кыргызстандын тарыхында Баш мыйзам бир нече ирээт өзгөргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG