Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Саясатчылар Грецияда карыз кризисине чукул чара көрүүгө чакырышты


Грециянын өкмөт башчысы Георгиос Папандреу өлкөнүн карыз кризиси Европа эле эмес, бүт дүйнөгө бүлүк салышы мүмкүн деп эскертти:

Ооба, чекилик өзүбүздөн да кетти, биз кемчиликтер менен иштеп жатабыз. Бирок биз туш келген кыйынчылыктардын зор масштабы тууралуу коңгуроо кагышыбыз керек. Бизге глобалдык каржылык башкаруу керек, биз буга чукул муктажбыз.

Кечээ эл аралык рейтинг компаниясы Испаниянын насыя рейтингин төмөндөткөн. Анын алдында Грециянын карызы боюнча баалуу кагаздар «таштанды» деп бааланып, Португалиянын рейтинги төмөндөтүлгөн эле. Германияда Борбордук Банктын төрагасы Алекс Уэббер Греция банкроттукка учураса, анын кесепетин эсептеп чыгыш да мүмкүн болбой калаарын эскертти. Европа Биримдиги менен Валюта корунун ондогон миллиард доллардык куткаруу программасына Германия көңүлсүнбөй жатат.

XS
SM
MD
LG