Индия жана Пакистандын премьер-министрлери акыркы бир нече айда биринчи жолу кездешти. Манмохан Синх жана Юсуф Реза Гиланинин сүйлөшүүсү Бутандагы регионалдык саммит учурунда өттү. Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши бир сааттан ашык созулган сүйлөшүүнү “абдан позитивдүү болду” деп сыпаттады:
-Эки премьер-министр Индия жана Пакистан ортосунда нечендеген айдан бери токтоп турган сүйлөшүү процессин уланталы деп макулдашты. Айымдар жана мырзалар, бул өтө позитивдүү өнүгүү.
2008-жылы Мумбайда болгон террордук чабуулдан кийин Индия төрт жыл уланып келаткан сүйлөшүүнү токтотуп койгон эле.
Чабуулду, Индия өкмөтүнүн ырасташынча, Пакистанда жайгашкан согушчул топтор уюштурган.
Эки өлкө 1947-жылы Британиядын эгемендик алгандан бери Кашмирди талашып, дагы башка келишпестиктерден улам үч жолу согушкан.