Бүгүн Кыргызстанга Кореядан жогорку даражадагы алты медик келип, 6-7-апрелде жабыркагандарды кабыл алып, жардам көрсөтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматынан кабарлады. Кореядан келген врачтар 4-майга чейин күндүзгү саат ондон кечки саат алтыга чейин “Бейиш” Кыргыз илимий элдик медициналык борборунда кабыл алат. Саламаттыкты сактоо министрлиги “Маевкадагы” жер талаштан жабыркагандарды да бул тизмеге киргизүүнү сунуштоодо. (КЕ)