Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Каныбек Жороев камалды


Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыктады. Маалыматка ылайык К.Жороев кечээ 29-апрелде өз ыктыяры сурак берүүгө макулдугун билдирген. Ага 304-берене боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылып, эки айлык мөөнөткө камалган. К.Жороевди камоого Биринчи май райондук соту санкция берген.
К.Жороев учурда Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайында кармалууда.

Баткен шаарындагы жана Лейлек районундагы К.Жороевди жактаган айрым тургундар анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу “Аазттыкка” мурдагы депутат Гүлнара Дербишева кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG