Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

“ЭрК” партиясы Конституцияга альтернативдүү долбоор сунуштайт


Бул тууралуу бүгүн партиянын түзүүчүсү, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйында билдирди. Партия Конституциянын жаңы долбоору боюнча президент аткаруу бийлигинин башында туруш керек деген сунушун айтып жатышат. Мындан сырткары партия Акаев, Бакиев бийлигинин тушунда жаманатты болуп калган айрым кызматкерлерди, Мамлекеттик дин иштери боюнча комитеттин жетекчиси Каныбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэри Мэлис Мырзакматов, элчи Жыргалбек Азымов, Акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан алууну сунуштоодо. Т.Бакир уулу парламенттик да, президенттик да шайлоого катыша турганын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG