Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Камбар-Ата - 2 ГЭСинин 1-агрегаты 31-августта ишке киргизилет


Бул маалыматты Энергетика министрлигинен “Азаттыкка” тастыктады. Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаев жергиликтүү маалымат каражатына маек берип, Камбар-Ата - 2 ГЭСинде курулуш иштери улантылып жатканын айткан. О.Артыкбаев жардыруу учурунда тоо толук кулаган эместигин, азыркы учурда тосмону долбоордо көрсөтүлгөн чекке жеткирүүгө аракеттер көрүлүп жатканын билдирген.
Министрдин милдетин аткаруучунун айтуусунда быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суу көп жана мындан ары электр энергиясын өчүрүү болбойт. Эгер өткөн жылы секундасына 334 кубометр суу келсе, быйыл 909 кубометр болууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG