Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Апрель окуялары өлкөгө 179 млн. сом материалдык зыян алып келди


Апрель окуялары учурунда болгон тополоң окуялар мамлекеттик органдардын имараттарына жалпысынан 179 млн. сомдон ашуун зыян алып келген. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлк министринин орун басары Алмасбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура 64 млн., Бишкек жана Талас ички иштер башкармалыгынын имаратына 95 млн., Биринчи май райондук мамлекеттик салык инспекциясы 6 млн. сомго чукул зыянга учураган. Мындан сырткары Талас областтык администрациясына 13 млн. сом жана мурдагы Агропром имараты 2,3 млн. сомдук зыян тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG