Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Бельгияда паранжыга тыюу салынууда


Тиешелүү мыйзамды өлкө парламентинин төмөнкү палатасы кечээ кечинде кабыл алды. Ага ылайык адамдын жүзүн жана денесин жапкан кийим – паранжы же никаб менен өлкө боюнча көчөдө, парктарда, спорттук жайларда, коомдук имараттарда жүрүүгө тыюу салынат. Эрежени бузгандар 25 евро айыпка жыгылат же жети күнгө чейин абакка түшүүсү мүмкүн. Мыйзам парламенттин жогорку палатасы – Сенат жактыргандан кийин гана күчүнө кирет. Бельгия - Европанын паранжыга тыюу салуу чечимин кабыл алып жаткан алгачкы өлкөсү.

XS
SM
MD
LG