Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Бакуда полиция ондогон жаштарды камакка алды


Студенттердин тобу бүгүн Бакуда бир жыл мурда Мамлекеттик мунай академиясында жасалган кол салуудан каза тапкан курбалдаштарын эскерүүгө аракеттенишкен эле. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчыларынын билдиргенине караганда, полиция кан төгүү орун алган жерге гүл коюу үчүн келе жаткан студенттердин жолун тороп, аларды таратуу үчүн күч колдонду. Анын артынан жаштардын оппозициячыл тобунун кеңсесине жасалган рейд учурунда ондогон студенттер камакка алынды. Былтыр 30-апрелде Мунай академиясынын имаратына кирип келген куралчан ок чыгарганда, студенттер менен мугалимдердин 12си өлгөн. Ок аткан адам да полиция аны кармоого аракеттенгенде өзүн өзү өлтүргөн. Кийинчерээк ал Грузиянын 29 жаштагы жана теги азери жараны экендиги аныкталган.

XS
SM
MD
LG