Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Иран Израилге эскертүү жасады


Ирандын бүгүнкү эскертүүсүнө караганда, кокус Израиль Сирияга кол салса, ал жөөт мамлекетинин “бутун кесет”. Мындай сөздү Дамасктагы эки күндүк визитинин соңунан Ирандын вице-президенти Мохаммад Рида Рахими айтты. Ушул аптанын башында АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Иран менен Сирияны шийиттердин “Хезболла” тобун курал менен камсыздап жатканы үчүн айыптаган жана мындай жагдай аймактын коопсуздугуна шек келтирип жаткандыгын белгилеген. Ал эми ай башында Израилдин президенти Шимон Перес Сирия “Хезболланы” Скад үлгүсүндөгү ракеталар менен жабдып жатканын айткан. Сирия болсо бул айыптоону төгүндөгөн.

XS
SM
MD
LG