Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

“Кебел!”: Жаштар министрлиги боюнча өкмөткө сунуштарды берди


Жаштардын “Кебел!” коомдук клубу убактылуу өкмөттүн Жаштар иштери боюнча министрлик түзүү демилгесин колдоп билдирүү таратты. Анда аталган клуб мамлекеттик бийликтин жаштарга карата жаңы мамилесин баштоого даяр экени айтылат. Жаштар министрлиги бийликтин айтканын чыкпаган дагы бир органга айланып калбашы үчүн бир катар сунуштар берилди. 2009-жылдын башында “KG жаштары” саясий клубу “Кебел” кыймылы болуп түзүлгөн. Кыймылдын мүчөлөрү тышкы карызы чоң жакыр өлкөлөрдүн ХИПИК программасына Кыргызстандын киришине каршы жана 2007-жылы парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразыланып бир катар акцияларды өткөргө. "Кебел!" азыр жаштарды активдештирүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG