Убактылуу өкмөт 30-апрелдеги жыйынында юрдикалык тараптарды сырттан башкаруунун жол-жоболору тууралуу маселени карады. “Пирамида” жана “5-канал” телекомпанияларын сырттан башкаруу сунушун өкмөттүн айрым мүчөлөрү колдогон жок жана кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү. Убактылуу өкмөт Бишкек ликер-арак заводуна сырттан башкаруу киргизүү боюнча долбоорду жактырды. Кыргызстанда апрель ыңкылабынан кийин басып-алуучулук көрүнүштөрдү токтотуу үчүн убактылуу өкмөт айрым ишкана-компанияларды сырттан башкаруу тууралуу декрет кабыл алган болчу. (EBM)